[00:00.000] 作词 : Гульнур Сатылганова
[00:01.000] 作曲 : Гульнур Сатылганова
[00:04.00]Туулган жер
[00:06.00]Гүлнур Сатылганова
[00:18.00]Эстедим бүгүн алма жыттуу айылымды, үйүмдү,
[00:28.00]Эркелеп күлгөн эселек үнүмдү.
[00:36.00]Сагыныч коштоп, жаным күйүп от болду,
[00:44.10]Мезгилден сурадым, бейкапар убагым,
[00:50.50]Каякка жок болду?
[00:55.00]Жоктодум анан өмүрдөгү аялуу дүйнөмдү,
[01:04.70]Балалык кезди, бактылуу күндөрдү,
[01:12.65]Жылт этип учкан жылдарымды ким көрдү?
[01:20.50]Бар эле атакем, бар эле апакем,
[01:27.30]Жоготтум кимдерди?
[01:31.95]Көзүмдө туулган жер,
[01:38.50]Көпөлөк кууган жел.
[01:44.80]Айылыма барайын,
[01:48.25]Алдыма буудан бер.
[01:51.40]Ал кезим кайрылбас,
[01:55.30]Айла жок буугам бел.
[01:57.60]Бир гана айрылбас,
[02:00.90]Туулган жер, туулган жер,
[02:05.50]Ыйыгым сен, оо, туулган жер.
[02:11.75]Топ жылдызың жерге жакын,
[02:15.35]Толкундап, ырга салып келген акын.
[02:21.10]Сууларың балдай татып таңдайымда,
[02:28.15]Күн болуп маңдайымда,
[02:31.15]Туулган жер, жана бер!
[02:35.35]
[02:46.60]Айылыма барайын.
[02:50.10]Алдыма буудан бер.
[02:53.95]Өмүргө канайын,
[02:56.60]Бал таткан суудан бер.
[03:00.00]Көзүмдө балалык,
[03:03.00]Көпөлөк кууган жер.
[03:05.95]Ал кезим кайрылбас,
[03:09.00]Айла жок буугам бел.
[03:12.65]Бир гана айрылбас,
[03:15.90]Туулган жер, туулган жер,
[03:19.85]Оо, ыйыгым. туулган жер.
[03:31.50]